Эгер муздаткычтын ичинде нымдуулук пайда болсо;
•
Бардык азыктар жакшы таңгакталды беле? Муздаткычка салганга чейин бардык
контейнерлер кургатылды беле?
•
Муздаткычтын эшиктери кайра ачылып жабылдыбы? Эшик ачылып жабылганда бөлмөнүн
нымдуулугу анын ичине кирет. Эшикти кайра ача берсе, айрыкча бөлмөнүн нымдуулугу
жогору болсо, нымдуулук тез жогорулайт.
Эгер эшиктер ачылып анан жакшы жабылбай калса;
• Азык таңгактары эшиктин жабылышына тоскоол жаратып жатабы?
• Эшик бөлүкчөлөрү, текчелери жана тарткычтары туура жайгашканбы?
• Эшиктин прокладкалары сынып же айрылып калганбы?
• Муздаткычыңыз туруктуу түздүктө турабы?
Эгер муздаткычтын эшигинин кырлары жылуулукка жакын болсо;
Өзгөчө жайкысын (ысык аба), байланышкан түздүктөр компрессордун иштеп жаткан убагында
жылуураак болуп калышы мүмкүн, бул кадимки көрүнүш.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР:
• Сет күтүүсүз өчкөндө же муздатуу системасындагы газ стабилдештирилбегенинен улам
шайманды өчүргөндө Компрессордун коргоо функциясы иштетилет.
Муздаткычыңыз 5 мүнөттөн кийин кайра күйгүзүлөт, кам санабаңыз.
• Эгер сиз муздаткычыңызды узак мөөнөткө куолдонбосоңуз (мис. жайкы эс алууда) аны
сууруп коюңуз. Муздаткычыңызды 4-бөлүмгө карай тазалап, ичинде нымдуулук жана
жагымсыз жыт пайда болбошу үчүн эшигин ачып коюңуз.
• Эгер жогорудагы нускамаларды жолдосоңуз деле көйгөй чечилбесе, жакын арада
жайгашкан ыйгарым укуктуу кызматына кайрылыңыз.
• Сиз сатып алган шайман үйдө колдонуу үчүн гана арналып, ал үйдө жана көрсөтүлгөн
максаттарда гана колдонула алат. Бул коммерциялык же жалпы колдонуу үчүн
ылайыксыз. Эгер колдонуучу шайманды бул өзгөчөлүктөргө дал келбеген ыкмада
колдонсо, анда өндүрүүчү жана сатуучу кепилдик мөөнөтүндө кандайдыр бир бузулуу же
оңдоо үчүн жоопкерчиликтен баш тартат.
Кубатты үнөмдөө кеңештери
1. Шайманды муздак, жакшы желдетилген бөлмөдө, бирок күндүн түз тийген нурларынан
жана ысык булактарынан (батарея, плита.. ж.б. ) алыс орнотулушу керек. Эгер аны ысык
булактарына жакын орнотсоңуз, изоляциялоочу тактаны колдонуңуз.
2. Жылуу тамак жана ичимдиктерди муздаткыч же тоңдургуч бөлүмүнө салаардан мурда,
аларды муздатыш керек.
3. То дурулган тамак-аш эригенде, аларды муздаткыч бөлүмүнө салы ыз. Тоңдурулган
азыктын төмөн температурасы муздатуу бөлүмүн муздатууга жардам берип, ошол эле
убакта ал талап кылынган кубатты азайтып, озу да эрий берет.
4. Ичимдиктерди шайманга салганда, алардын үстү жабылганын текшериңиз. Тескери
жагдайда, шаймандын ичиндеги нымдуулук жогорулап, аларды муздатуу үчүн кеткен
убакыт узартылышы мүмкүн. Ошондой эле ичимдиктерди жана суюктуктардын үстүн
жабуу алардын жыты менен даамын жакшы сактайт.
5. Шайманга тамак жана ичимдиктерди салганыңызда, шаймандын эшигин болушунча тез
ачып, жаап, анын ичиндеги температураны туруктуу кармаганга аракет кылыңыз.
6. Шаймандагы ар башка температура талаптарындагы бардык бөлүктөрдүн капкактарын
жабык кармаңыз (контейнер, салкындаткыч,...ж.б. ).
7. Эшиктин прокладкасы таза жана ийкемдүү болгонун текшериниз. Эгер прокладкалар
айрылып же ага зыян келтирилген болсо, аны алмаштыруу керек.
KY - 59