ШАЙМАНДЫН ИЧИНЕ АЗЫКТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ
Муздаткычыңызды иштетүү
• Кадимкидей иштөө шарттары үчүн, муздаткычтын муздатуу бөлүгүнүн температурасын 4 °C
коюу жетиштүү болот.
• Нымдуулукту азайтып жана андан улам муздун жогорулашын болтурбоо үчүн, муздаткычка
капкагы жабылбаган суюктуктарды салбаңыз. Муз, көбүнчө бууланган жердин эн муздак
бөлүктөрүндө топтолуп, убакыт өткөн сайын аны кайра кайрадан эритүүнү талап кылат.
• Жылуу тамакты эч качан муздаткычка салбаңыз. Жылуу тамак бөлмө температурасында
муздатылып, муздаткыч бөлүкчөсүндө кадимкидей аба айланылышын сактоо керек.
• Арткы жагына эч нерсе тийбеши керек, себеби бул муздун пайда болгонуна алып келип жана
таңгактар дубалга жабышып калышы мүмкүн. Муздаткычтын эшигин кайра кайрадан ача
бербеш керек.
• 1-2 күндүн ичинде керектеле турган эт менен тазаланган балыкты (таңгактарга салып же
пакеттерге салып), муздаткыч бөлүмүнүн төмөнкү бөлүгүнө салыңыз (ал контейнердин
үстүндө жайгашкан), себеби ал эң мыкты сактоо шарттарын камсыз кылган эң муздак
бөлүкчө.
• Жашылча-жемиштерди контейнерге таңгактабай эле салып койсоңуз болот.
Төмөндө азыктарыңызды муздатуу бөлүмүнө салып жана сактоо үчүн айрым сунуштамалар
көрсөтүлдү.
Азык
Жашылча жемиштер
Эт жана балык
Жаңы сыр
Май жана маргарин
Сүт жана айран сыяктуу
бөтөлкөгө куюлган
азыктар
Жумурткалар
Бышырылган тамак
ЭСКЕРТҮҮ: Картошка, пияз жана сарымсак муздаткычта сакталбашы керек.
Тоңдургуч бөлүмү
• Нормалдуу иштөө шарттары үчүн, a• Муздаткычыңыздын терең тоңдуруу бөлүмүн
тоңдурулган азыкты узак мөөнөткө сактап жана муз тоңдуруу үчүн колдонуңуз.
• Тоңдургуч бөлүмүнөн максималдык пайда көрүү үчүн, жогорку жана ортоңку бөлүмүнүн
айнек текшчелерин колдонуңуз. Ылдыйкы бөлүм үчүн, ылдыйкы кутуну колдонуңуз.
• Жаңы тоңдура турган азыктарды мурунтан тоңдурулган азыктардын жанына койбоңуз.
• Тоңдурула турган азыктарды (эт, фарш, балык, ж.б.) бир жолу колдонулгудай кылып,
порцияларга бөлүп, сактаңыз.
• Тоңдурулган азык бир эритилгенден кийин аны кайра тоңдурбаңыз. Ал бузулуп калып, ден
соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн.
• Ысык тамактар муздамайынча, аны терең тоңдургучка салбаңыз. Бул мурун тоңдурулган
азыктардын бузулуп кетишине себеп болушу мүмкүн.
• Тоңдурулган азыктарды сатып алганыңызда, алардын ылайыктуу шарттарда тоңдурулуп жана
таңгагы айрылып калбаганын текшериңиз.
• Тоңдурулган азыктарды сактаганда, таңгактагы сактоо шарттарын жолдош керек. Эгер ал
жерде эч кандай тушүндүрмө болбосо, азыкты болушунча тез колдонуу керек.
Максималдык сактоо
мөөнөтү
1 жума
2 - 3 күн
3 - 4 күн
1 жума
Өндүрүүчү тарабынан
сунушталган жарамдуу мөөнөт
аяктаганга чейин
1 ай
KY - 53
Муздатуу бөлүмүнүн кайсы
жагына жайгаштыруу керек
Жемиштер кутусу
Пленкага же фольгага ороп
же баштыкчаларга же атайын
эт салынуучу контейнерге
салынган бойдон
(айнек текчесинде)
Атайын эшик текчесинде
Атайын эшик текчесинде
Атайын эшик текчесинде
Жумуртка текчесинде
Бардык текчелерде