Download Inhoudsopgave Inhoud Print deze pagina

Whirlpool W84BE 72 X Gebruiksaanwijzing pagina 50

Inhoudsopgave

Advertenties

Тоңдургуч температурасын орнотуу
• Тоңдургучту орнотуу индикаторунун башталгыч температурасы -18 °C.
• Тоңдургуч баскычын бир жолу басыңыз.
• Бул баскычты бир бассаңыз, акыркы орнотулган маани экранда күйүп өчөт.
• Бул баскычты качан бассаңыз да, төмөнүрөөк температура (-16 °C, -18 °C, -20 °C,
-22 °C, -24 °C супертоңдуруу) орнотулат.
• Тоңдурууну орнотуу баскычын супер тоңдуруу символу пайда болгуча басканыңызда
жана каалаган баскычты 1 секунда бою баспасаңыз, Супер муздак сүрөтчөсү күйөт.
• Эгер сиз басканды уланта берсеңиз, ал -16 °C баштап кайра иштетилет.
• Отпуск режими, Супер тоңдуруу режими, Супер муздатуу режими же Үнөмдөө
режимине чейин тандалган температура мааниси, режим өчкөндө же жокко
чыгарылганда окшош бойдон кала берет. Шайман ошол температурада иштөөнү
уланта берет.
Температуранын жөндөөлөрү тууралуу эскертүүлөр
• Температура жөндөөлөрү эшиктин ачылышынын жыштыгына жана муздаткычтын ичинде
сакталган азыктын көлөмүнө карай аткарылышы керек.
• Бир жөндөөнү бүтүрмөйүнчө экинчи жөндөөгө өтпөңүз.
• Муздаткычыңыз толугу менен муздатылышы үчүн, өчүрүлбөстөн розеткага сайылып, айлана
чөйрөдөгү температурага карай 24 саат бою иштетилиши керек. Муздаткычыңыздын эшигин
кайра ачпаңыз жана ошол мөөнөттө анын ичине өтө көп азыкты салбаңыз.
• Розеткадан өчүрүп, андан соң аны иштетүү үчүн кайра күйгүзгөндө же свет өчүп калгандан
кийин кайра күйгөндө, муздаткычыңыздын компрессоруна зыян келтирилбеши үчүн 5 мүнөттүк
кечиктирүү функциясы колдонулат. Муздаткычыңыз 5 мүнөттөн кийин нормалдуу түрдө иштеп
баштайт.
• Муздаткычыңыз, маалымат энбелгисинде
көрсөтүлгөн климаттык класска карай айланадагы
тем пература интервалдарындагы стандартта
иштөөгө арналган. Муздатуу натыйжалуулугун сактоо
үчүн, муздаткычыңызды көрсөтүлгөн температура
диапазондорунан тышкаркы көрсөткүчтөрдө
иштетүүңүздү сунуштабайбыз.
• Бул шайман 10 °C - 43 °C температурасындагы
диапазондо колдонулууга арналат.
Аксессуарлар
Twist Ice (Айрым моделдерде)
• Муз жасоочу лотокту чыгарыңыз
• Сызыкка сууну толтуруңуз.
• Муз жасоочу лотокту ордуна коюңуз
• Муз кубиктери жасалганда, рычагды тартып, муз чарчыларын муз
салган кутуга түшүрүңүз.
Эскертүү:
• Музду жасоо үчүн муз сактаган кутуга сууну толтурбаңыз. Болбосо кутуга зыян
келтирилиши мүмкүн.
• Муздаткыч иштеп жатканда муз жасагычты кыймылдатуу кыйыныраак болушу
мүмкүн. Мындай жагдайда аны айнек текчелерин алып чыгарып, тазалоо
керек.
Муз лотогу (Айрым моделдерде)
• Муз лотогуна суу куюп, тоңдургуч бөлүмүнө салыңыз.
• Суу толугу менен тоңуп калганда, рычагды төмөндө көрсөтүлгөндөй тартып,
музду чыгарсаңыз болот.
Салкындатуу текчеси (Айрым моделдерде)
Азыктарды тоңдургуч же муздаткыч бөлүмүндө сактагандан көрө салкындатуу
бөлүмүндө сактасаңыз, ал азыктын жаңы бойдон калып, жаңылыгын жана
анын даамын бузбайт.
Салкындаткыч текчеси кир болуп калганда, аны алып чыгарып, суу менен
чайкаңыз.
(Суу 0 °C тепературада тоңуп калат, бирок туз же шекер камтылган азыктар
бул температурадан төмөн деңгээлде тоңот) Салкындаткыч бөлүмү чийки
балык, жеңил консерваланган азыктарды, күрүчтү,
ж.б.... сактоо үчүн колдонулат.
Тоңдургуңуз келген азыктарды же муз лотокторун салкындаткыч текчесине
салбаңыз.
Климаттык
классы
SN:
ST:
N:
T:
KY - 50
Тышкы абанын
температурасынын. (°C)
10 дан 32 °C чейин
16 дан 38 °C чейин
16 дан 32 °C чейин
16 дан 43 °C чейин

Advertenties

Inhoudsopgave
loading

Inhoudsopgave