Download Inhoudsopgave Inhoud Print deze pagina

Whirlpool W84BE 72 X Gebruiksaanwijzing pagina 58

Inhoudsopgave

Advertenties

Эгер муздаткычыңыз иштебей жатса;
Электр тогу өчүрүлдүбү?
Розетка кубатка сайылып турабы?
Кубат айрысы сайылып турган розеткада предохранитель барбы же негизги
проедохоранитель өчүп калган эмеспи?
Электр кубатында бузулуулар жокпу? Муну текшерүү үчүн, муздаткычыңызды иштеп
жаткан кубат булагына туташтырыңыз.
Эгер муздаткычыңыз жетиштүү муздатпай жатса;
Жөндөлгөн температура туурабы?
Муздаткычыңыздын эшиги тынымсыз ачып жабылып же узак мөөнөткө ачылган бойдон
калды беле?
Муздаткычтын эшиги жакшы жабылды беле?
Идиш же тамакты муздаткычыңыздын арткы дубалына тийип, абанын айланышына
тоскоол кылгыдай жакын койдуңуз беле?
Муздаткычыңызда өтө көп азык барбы?
Муздаткычыңыздын арткы тарабы менен эки капталында керектүү аралык барбы?
Айлана чөйрөнүн температурасы, иштетүү нускамасында көрсөтүлгөн диапазондун
аралыгындабы?
Эгер муздаткычыңыздагы азык өтө муздатылган болсо
Жөндөлгөн температура туурабы?
Тоңдургуч бөлүмүнө өтө көп азык жакында эле салынды беле? Эгер андай болсо,
муздаткычыңыз, муздатуу бөлүмүндөгу азыктарды өтө катуу муздатышы мүмкүн, себеби
бул көлөмдөгу азыкты муздатуу үчүн ал узагыраак иштейт.
Эгер муздаткычыңыз өтө катуу иштеп жатса;
Муздатуу денгээлин кармоо үчүн, компрессор маал маалы менен иштетилиши мүмкүн.
Муздаткычыңыздагы бул жолку ызы-чуусу кадыресе болуп саналып, ал иштегенинен улам
чыгып жаткан болот. Талап кылынган муздатуу денгээлине жеткенде, үндөр автоматтык түрдө
азаят. Эгер үн дагы эле чыга берсе;
Шайманыңыз түз турабы? Буттары жөндөлдү беле?
Муздаткычыңыздын артында бир нерсе барбы?
Текчелер же андагы идиштер да титирейби? Эгер титиресе, текчелерди/идиштердин
ордун алмаштырыңыз.
Муздаткычыңызга салынган нерселер титирейби?.
Кадимкидей үндөр;
Кытыраган (музду сындыргандай) үн:
• Автоматтык түрдө эритип жатканда пайда болот.
• Шайман муздатылып же жылытылып жатканда (шаймандын материалынын
бөлүштүрулүшүндө).
Кыска кытыратуу: Бул термостат күйүп/өчкөндө угулат.
Компрессордун үнү (Кадимкидей мотор үнү): Бул үн, компрессор кадимки режимде иштеп
жатканын билдирип, ал иштетилгенде, Компрессор кыска убакта катуураак үн чыгарышы
мүмкүн.
Көбүк чыккандай үн менен коштошкон чачыраган үн: Бул үн, муздаткыч агентинин
тутумдагы түтүкчөлөргө куюлуп жаткандагы үн.
Суу агып жаткан үн: Эритүү убагында суунун агып келген контейнерге агып түшкөнүн
көрсөткөн үн. Бул үн эритип жатканда угулушу мүмкүн.
Абанын уруп жаткан үнү (Кадимки желдеткичтин үнү): Бул үн No-Frost муздаткычынын
системасынындагы аба циркуляциясынын кадимки иштеп жаткан убагында угулушу мүмкүн.
KY - 58

Advertenties

Inhoudsopgave
loading

Inhoudsopgave