Download Inhoudsopgave Inhoud Print deze pagina

Whirlpool W84BE 72 X Gebruiksaanwijzing pagina 49

Inhoudsopgave

Advertenties

Beschikbare talen
  • NL

Beschikbare talen

  • DUTCH, pagina 99
Drink cool (муздатып ичүү режими)
Кантип колдонсо болот?
• Бул режим ичимдиктерди жөндөлгөн убакытта муздатуу үчүн колдонулат.
Бул режим убагында:
• Тондургуч баскычын 5 секунда бою басыңыз.
• Тоңдургучта орнотулган маанинин экранында атайын анимация иштетилип,
муздаткыч орнотулган экранда 05 күйүп өчөт.
• Муздаткыч баскычын убакытты жөндөө үчүн (05 - 10 - 15 - 20 - 25 - 30 мүнөт)
басыңыз.
• Убакытты тандаганыңызда, номерлер экранда 3 жолу күйүп өчүп, үн бип деп
чыгат.
• 2 секунданын ичинде бир да баскыч басылбаса, убакыт орнотулат.
• Артка саноо убакыты жөндөлгөн убакыттан тарта мүнөт сайын санайт.
• Калган убакыт экранда көрсөтүлүп турат.
• Бул режимди жокко чыгаруу үчүн, тоңдургучту орнотуу баскычын 5 секунда
бою басыңыз.
Child lock (Балдарга бөгөт коюу) функциясы
Кантип колдонсо болот?
• Балдар баскычтарды баскылап онобошу үчүн жана сиз орноткон жөндөөлөрдү
өзгөртпөшү үчүн, балдарга бөгөт коюу шайманда жеткиликтүү.
Child lock (Балдарга бөгөт коюуну) иштетүү
• Тоңдургуч жана муздаткыч баскычтарын бир убакта 5 секунда бою басыңыз.
Бул режим убагында:
• Тоңдургуч жана муздаткыч баскычтарын бир убакта 5 секунда бою басыңыз.
Эскертүү: Эгер электр кубаты жок болуп же муздаткыч розеткага сайылбай турса,
балдарга бөгөт коюу режими да өчүрүлөт.
Screen saver (экранды сактоо) режими
Кантип колдонсо болот?
• Бул режим, режимди күйгүзүү баскычын 5 секунда бою бассаңыз иштетилет.
• Эгер режим иштетилген убакта, бир да баскыч 5 секунданын ичинде
басылбаса, көзөмөлдөө панелинин жарыгы өчөт.
• Эгер сиз көзөмөлдөө панелинин жарыгы өчүк кезде каалаган баскычты
бассаңыз, учурдагы орнотуулар экранда пайда болуп, андан соң сиз
каалагандай жөндөөлөрдү аткара аласыз. Эгер сиз экран сактагыч режимин
жокко чыгарып же каалаган баскычты 5 секунданын ичинде да баспасаңыз,
көзөмолдөө панели кайра өчүп калат.
• Экранды сактоо режимин жокко чыгаруу үчүн, режим баскычын кайра 5
секунда бою басыңыз.
• Экран сактагыч редими активдүү кезде, сиз балдар кулпусун да иштете
аласыз.
Муздаткычтын температура орнотуулары
• Муздаткычты орнотуу индикаторунун башталгыч температурасы +4 °C.
• Муздаткыч баскычын бир жолу басыңыз.
• Бул баскычты биринчи жолу басканыңызда, акыркы маани муздаткычтын
орнотуу индикаторунда пайда болот.
• Бул баскычты качан бассаңыз, төмөнүрөөк температура орнотулат. (+8 °C,
+6 °C, +5 °C, +4 °C, +2 °C, супермуздак)
• Муздагыраак орнотуу баскычын супер муздак символу пайда болгуча
басканыңызда жана каалаган баскычты 1 секунда бою баспасаңыз, Супер
муздак сүрөтчөсү күйөт.
• Эгер сиз басканды уланта берсеңиз, ал +8 °C баштап кайра иштетилет.
• Отпуск режими, Супер тоңдуруу режими, Супер муздатуу режими же Үнөмдөө
режимине чейин тандалган температура мааниси, режим өчкөндө же жокко
чыгарылганда окшош бойдон кала берет. Шайман ошол температурада иштөөнү
уланта берет.
KY - 49

Advertenties

Inhoudsopgave
loading

Inhoudsopgave