•
Автоматтык түрдо эриткенден кийин арткы дубалда суу тамчыларынын пайда болушу
адаттагыдай көрүнүш. (Статикалык моделдерде)
Эгер эшиктер ачылып анан жакшы жабылбай калса;
• Азык таңгактары эшиктин жабылышына тоскоол жаратып жатабы?
• Эшик бөлүкчөлөрү, текчелери жана тарткычтары туура жайгашканбы?
• Эшиктин прокладкалары сынып же айрылып калганбы?
• Муздаткычыңыз туруктуу түздүктө турабы?
Эгер муздаткычтын эшигинин кырлары жылуулукка жакын болсо;
Өзгөчө жайкысын (ысык аба), байланышкан түздүктөр компрессордун иштеп жаткан убагында
жылуураак болуп калышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР:
• Эгер шайманыңыз өчүрүлүп же сайылган эмес болсо, компрессорго зыян келтирилбеши үчүн
аны сайганга чейин же кайрадан иштеткенге чейин эң аз 5 мүнөт күтө туруңуз.
• Эгер шайман көп убакыт бою колдонулган эмес болсо (мисалы отпуск убагында)
муздаткычты эритип, аны тазалап, андан соң жагымсыз жыт пайда болбошу үчүн эшигин
ачык калтырыңыз.
• Эгер жогорудагы нускамаларды жолдосоңуз деле көйгөй чечилбесе, жакын арада жайгашкан
ыйгарым укуктуу кызматына кайрылыңыз.
• Сиз сатып алган шайман үйдө колдонуу үчүн гана арналып, ал үйдө жана көрсөтүлгөн
максаттарда гана колдонула алат. Бул коммерциялык же жалпы колдонуу үчүн ылайыксыз.
Эгер колдонуучу шайманды бул өзгөчөлүктөргө дал келбеген ыкмада колдонсо, анда
өндүрүүчү жана сатуучу кепилдик мөөнөтүндө кандайдыр бир бузулуу же оңдоо үчүн
жоопкерчиликтен баш тартат.
• Өндүрүштүк департаменти тарабынан шайманыңыздын жарыяланган жарактуу мөөнөтү 10
жыл (шаймандын иштөө болүкчөлөрүнүн туура иштешине талап кылынган мөөнөт).
Кубатты үнөмдөө кеңештери
1. Шайманды муздак, жакшы желдетилген бөлмөдө, бирок күндүн түз тийген нурларынан
жана ысык булактарынан (батарея, плита...ж.б. ) алыс орнотулушу керек. Башка жагдайда,
изоляциялоочу тактаны колдонуңуз.
2. Жылуу тамак жана ичимдиктерди муздаткыч же тоңдургуч бөлүмүнө салаардан мурда,
аларды муздатыш керек.
3. Тоӊдурулган тамак-аш эригенде, аларды муздаткыч бөлүмүнө салыӊыз. Тоңдурулган азыктын
төмөн температурасы муздатуу бөлүмүн муздатууга жардам берип, ошол эле убакта ал талап
кылынган кубатты азайтып, озу да эрий берет. Ошондуктан, ал кубат талаптарын азайтат.
4. Ичимдиктерди жана суусундуктарды шайманга салганда, алардын үстү жабылганын
текшериңиз. Тескери жагдайда, шаймандын ичиндеги нымдуулук жогорулап,. аларды
муздатуу үчүн кеткен убакыт узартылышы мүмкүн. Ошондой эле ичимдиктерди жана
суюктуктардын үстүн жабуу алардын жыты менен даамын жакшы сактайт.
5. Шайманга тамак жана ичимдиктерди салганыңызда, анын эшигин болушунча тез ачып,
жапканга аракет кылыңыз.
6. Шаймандагы ар башка температура талаптарындагы бардык бөлүктөрдүн капкактарын жабык
кармаңыз (контейнер, салкындаткыч,...ж.б. ).
7. Эшиктин прокладкасы таза жана ийкемдүү болгонун текшериниз. Эгер прокладкалар айрылып
калса, аны алмаштыруу керек.
KY - 19