ШАЙМАНДЫН ИЧИНЕ АЗЫКТАРДЫ
БӨЛҮШТҮРҮҮ
Кадимки шарттарда иштеши үчүн, муздаткычыңыздын термостаттын температурасын "2-4"
көрсөткүчүнө койсоңуз жетиштүү болот.
Муздаткыч бөлүгү
• Андан улам муздун жогорулашын болтурбоо үчүн, муздаткычка капкагы жабылбаган
суюктуктарды салбаңыз.
• Жылуу тамакты эч качан муздаткычка салбаңыз. Жылуу тамак бөлмө температурасында
муздатылып, муздаткыч бөлүкчөсүндө кадимкидей аба айланылышын сактоо керек.
• 1-2 күндүн ичинде керектеле турган эт менен тазаланган балыкты (таңгактарга салып же
пакеттерге салып), муздаткыч бөлүмүнүн төмөнкү бөлүгүнө салыңыз.
• Жашылча-жемиштерди контейнерге таңгактабай эле салып койсоңуз
болот.
Маанилүү эскертүү:
• Бышырылган азыктардын баарын муздаткычка салып жатканда
үстүн жабыңыз. Алар муздаганда гана муздаткычка салыңыз,
болбосо муздаткычтын ичиндеги температура/нымдуулук жогорулап,
муздаткычтын иштөөсү татаалыраак болушу мүмкүн. Азыктар
менен ичимдиктердин үстүн жапсаңыз, алардын даамы менен жыты
бузулбайт.
• Картошка, пияз жана сарымсак муздаткычта сакталбашы керек.
• Азык, муздаткыч бөлүмүндө жайгашкан температура сенсоруна
тийбегенин текшериңиз. Муздаткыч болүмүндө
оптималдык температураны сактоо үчүн, азык
сенсорго тийбей турушу керек.
Тоңдургуч бөлүмү
• Муздаткычыңыздын терең тоңдуруу бөлүмүн тоңдурулган азыкты узак мөөнөткө сактап жана муз
тоңдуруу үчүн колдонулат.
• Жаңы жана ысык тамактарды муздаткыч эшигинин текчелерине тоңдуруу үчун салбаңыз. Эшик
текчелерин азыкты тоңдурулген азыктарды сактоо үчүн колдонуңуз.
• Жаңы жана жылуу азыктарды тоңдурулган азыктардын жанына салбаңыз, себеби ал тоңгон
азыкты эритип коюшу мүмкүн.
• Тез тоңдуруу текчесин үйдө бышырылган азыктарды (жана башка тез тоңдурулушу керек болгон
азыктарды) тезирээк тоңдуруу үчүн колдонуңуз, себеби анын тоңдуруу күчү абдан бийик.
• Жаңы азыктарды тоңдуруп жатканда, (мис. эт, балык жана фарштарды) аларды бир жолкуга
жеткидей порцияларга бөлүңүз. Жаңы азыктарлды тоңдуруп жатканда, 24 сааттын ичинде
тоңдурула турган жаңы азыктын көлөмү (кг менен) шаймандын энбелгисинде көрсөтүлгөн.
• Максималдык тоңдуруу натыйжалуулугуна жетүү үчүн шаймандын оптималдык
өндүрүмдүүлүгүнө, термостат бурагычын эң муздак орнотууга жаңы азыкты тоңдургучка салганга
24 саат алдын ала орнотуңуз.
• Жаңы азыкты тоңдургучка, термостат бурагычын эн муздак диапазонго 24 саат бою койгонуңуз
жалпысынан жетиштүү болот. 24 сааттан кийин, эгер керек болсо, термостат бурагычын азайтып
койсоңуз болот.
• Көңүл буруңуз. Кубатты үнөмдөө үчүн, эгер сиз аз көлөмдөгү азыктарды тоңдурсаңыз, термостат
бурагычын эң төмөн диапазонго орнотпой эле койсоңуз болот.
• Тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн, тоңдурулган азыктар таңгагындагы нускамаларды ар дайым
кылдаттык менен жолдоо керек. Эгерде эч кандай маалымат берилбесе, азык сатып алынган
күндөн тарта 3 айдан узак сакталбашы керек.
• Тоңдурулган азыктарды сатып алып жатканда, алар тиешелүү температурада тоңдурулуп жана
таңгактоосу бузулуп калбаганын текшериңиз.
• Тондурулган азыкты атайын ага арналган контейнерле алып жүрүү шарт. Алардын сапатын
сактап, тоңдуруу бөлүмүнө болушунча эрте салуу талап кылынат.
Температура
сенсорунун
аймагы
KY - 15