Муз лотогу (Айрым моделдерде)
• Муз лотогуна суу куюп, тоңдургуч бөлүмүнө салыңыз.
• Суу толугу менен тоңуп калганда, рычагды төмөндө көрсөтүлгөндөй тартып,
музду чыгарсаңыз болот.
Салкындатуу текчеси (Айрым моделдерде)
Азыктарды тоңдургуч же муздаткыч бөлүмүндө сактагандан көрө
салкындатуу бөлүмүндө сактасаңыз, ал азыктын жаңы бойдон калып,
жаңылыгын жана анын даамын бузбайт. Салкындаткыч текчеси кир болуп
калганда, аны алып чыгарып, суу менен чайкаңыз.
(Суу 0°C температурада тоңуп калат, бирок туз же шекер камтылган
азыктар бул температурадан төмөн деңгээлде тоңот)
Салкындаткыч бөлүмү чийки балык, жеңил консерваланган азыктарды,
күрүчтү, ж.б.... сактоо үчүн колдонулат.
Тоңдургуңуз келген азыктарды же муз лотокторун салкындаткыч
текчесине салбаңыз.
Салкындаткыч текчесин алып салуу
• Салкындаткыч текчесин өзүңүзгө карай жүгүрткүчтөр менен алдыга
тартыңыз.
• Салкындаткыч текчесин жүгүрткүчтөн өйдө көтөрүп, алып чыгарыңыз.
Humidity Control (Нымдуулукту көзөмөлдөө)
Нымдуулукту көзөмөлдөө жабык абалда кезде, ал жаңы мөмө-жемиштер
менен жашылчалардын узагыраак мөөнөткө жаңы бойдон калуусуна
мүмкүнчүлүк берет.
Эгер контейнер толуп калса, анын маңдайында жайгашкан жаңы
тергичти ачыңыз. Бул контейнердин ичиндеги абанын жана нымдуулук
диапазонунун көзөмөлдөнүшүнө мүмкүнчүлүк берип, анын ичиндеги
азыктардын сактоо мөөнөтүнүн өсүшүнө жол ачат.
Эгер сиз айнек текченин бууланып калганын көрсөңүз, Нымдуулкту
көзөмөлдөө ачык абалда калышы керек.
Жөндөлүүчү эшик текчеси (Айрым моделдерде)
Жөндөлүүчү эшик текчеси менен ар башка бийиктикте беш сактоо аймагын өзүңүзгө
карата орното аласыз.
Жөндөлүүчү эшик текчесинин абалын өзгөртүңүз;
Текченин алдын өйдө көтөрүңүз (1) жана аны жөндөлүүчү эшик текчесине өйдө же
ылдый (2) эки колуңуз менен жылдырыңыз (1-сүр.)
Эшик текчесин алып чыгарганга чейин, анын эшик текчесинин абалында
жайгашканын ырастаңыз.
Active Oxygen (Активдүү кычкылтек (Айрым моделдерде)
Active Oxygen негативдүү иондорду чачып, жагымсыз жыт менен абадагы
чаңды нейтралдаштырып, азыктардын жаңы бойдон калуусуна жол ачат.
Муздаткычтагы абадан бул бөлүкчөлөрдү алып салуу менен Active
Oxygen абанын сапатын жакшыртып, жыттарды азайтат.
• Бул функция тандамал. Бул өнүмүңүздө болбошу мүмкүн.
• Иондоштургуч түзмөгүңүздүн жайгашкан жери өнүмгө карай айырмаланышы
мүмкүн.
Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка (Айрым моделдерде)
Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка) технологиясы этилен газын (жаңы
азыктардан табигый жол менен чыгарылган биопродукт) жана жагымсыз жыттын
контейнерден чыгарылуусуна жардам берет. Бул учурда азыктар узагыраак
мөөнөткө сакталат.
• Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка) жылына бир жолу тазаланып
турушу керек. Чыпканы духовкада 2 саат бою 65°C температурада
кармоо керек.
• Чыпканы тазалоо үчүн, чыпка кутусунун арткы
кабын жебе (A) көрсөтүлгөн багытта тартып, чыгарыңыз.
• Чыпканы суу же кандайдыр бир жуучу каражат менен жуубаш керек.
Аксессуарлар тууралуу визуалдык жана текст сүрөттөмөлөрү шайманыңыздын моделине жараша
айырмаланышы мүмкүн.
Active Fresh Filter
Активдүү жаңы чыпка)
KY - 13
1-сүр
Active Oxygen (Активдүү кычкылтек)