Тоңдургуч температурасын орнотуу
• Тоңдургучту орнотуу индикаторунун башталгыч температурасы -18°C.
• Тоңдургуч баскычын бир жолу басыңыз.
• Бул баскычты бир бассаңыз, акыркы орнотулган маани экранда күйүп өчөт.
• Бул баскычты качан бассаңыз да, төмөнүрөөк температура (-16°C, -18°C, -20°C, -22°C,
-24°C супертоңдуруу) орнотулат.
• Тоңдурууну орнотуу баскычын супер тоңдуруу символу пайда болгуча басканыңызда
жана каалаган баскычты 1 секунда бою баспасаңыз, Супер муздак сүрөтчөсү күйөт.
• Эгер сиз басканды уланта берсеңиз, ал -16°C баштап кайра иштетилет.
• Отпуск режими, Супер тоңдуруу режими, Супер муздатуу режими же Үнөмдөө режимине
чейин тандалган температура мааниси, режим өчкөндө же жокко чыгарылганда окшош
бойдон кала берет. Шайман ошол температурада иштөөнү уланта берет.
Температуранын жөндөөлөрү тууралуу эскертүүлөр
• Температура жөндөөлөрү эшиктин ачылышынын жыштыгына жана муздаткычтын ичинде сакталган
азыктын көлөмүнө карай аткарылышы керек.
• Бул муздаткыч бардык айлана чөйрөдөгү температурада иштөөгө арналган. Айлана чөйрөнүн
температурасы -5 oC көрсөткүчүнөн муздагыраак болсо, азыктарды муздаткыч бөлүгүндө сактоо
сунушталбайт, себеби анда сакталган ащзыктардын температурасы айлана чөйрөдөгү менен
бирдей болот. Натыйжада, алар тоңуп калат. Сиз азыктарыңызды муздаткч болүгүндө -5 oC
температурага чейин сактай аласыз. Инженерлер тарабынан атайын эсептелген алгоритмдин
жардамы менен, азыктар айлана чөйрөнүн температурасы -5 oC төмөн кезде тоңдургуч бөлүмүндө
сактала алат.
• Муздаткычыңыз толугу менен муздатылышы үчүн, өчүрүлбөстөн розеткага сайылып, айлана
чөйрөдөгү температурага карай 24 саат бою иштетилиши керек. Муздаткычыңыздын эшигин кайра
ачпаңыз жана ошол мөөнөттө анын ичине өтө көп азыкты салбаңыз.
• Эгерде шайман өчүрүлүп же розеткага сайылбаган болсо, компрессорго зыян келтирбеш үчүн аны
кайра күйгүзүп же кайра сайганга чейин 5 мүнөт күтө турушуңуз керек.
• Муздаткычыңыз, маалымат энбелгисинде
көрсөтүлгөн климаттык класска карай айланадагы
тем пература интервалдарындагы стандартта
иштөөгө арналган. Муздатуу натыйжалуулугун сактоо
үчүн, муздаткычыңызды көрсөтүлгөн температура
диапазондорунан тышкаркы көрсөткүчтөрдө
иштетүүңүздү сунуштабайбыз.
• Бул шайман 10°C - 43°C температурасындагы
диапазондо колдонулууга арналат.
Аксессуарлар
Twist Ice (Айрым моделдерде)
• Муз жасоочу лотокту чыгарыңыз
• Сызыкка чейин сууну толтуруңуз.
• Муз жасоочу лотокту ордуна жайгаштырыңыз
• Муз кубиктери жасалганда, рычагды тартып, муз
чарчыларын муз салган кутуга түшүрүңүз.
Эскертүү:
• Музду жасоо үчүн муз сактаган кутуга сууну толтурбаңыз. Болбосо кутуга зыян келтирилиши мүмкүн.
• Муздаткыч иштеп жатканда муз жасагычты кыймылдатуу кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай
жагдайда аны айнек текчелерин алып чыгарып, тазалоо керек.
Муз лотогун алып чыгаруу
• Тоңдургучтун айнек текчелерин алып чыгарыңыз
• Муз жасагыч лотогун текчеден оңго жана солго тартып, алып
чыгарыңыз.
Сиз тоңдщургуч бөлүмүндө жеткиликтүү көлөмдү бошотуу үчүн, муз
жасагычты алып чыгарсаңыз болот.
Климаттык
классы
SN:
ST:
N:
T:
KY - 12
Тышкы абанын
температурасынын. (°C)
10 дан 32 °C чейин
16 дан 38 °C чейин
16 дан 32 °C чейин
16 дан 43 °C чейин