Download Print deze pagina

Philips AMF220 Handleiding pagina 155

Advertenties

Көйгөй
Аба тазалагыч
көптөн бери иштеп
жатканына карабай,
абанын сапаты
жакшырбай жатат.
Шайман бир кызыктай
жыт чыгарып жатат.
Шайман өтө катуу үн
чыгарып жатат.
Шайман чыпканы
алмаштыруу керек
экенин көрсөтүп
жатат, бирок мен
алмаштырганмын.
Ысытуу функциясы
иштебей жатат.
Мүмкүн болгон чечим
• Чыпкадан таңгактоочу материал алынып салынганын текшериңиз.
• Чыпка шайманга орнотулганын текшериңиз.
• Сенсор жапкычынын үстүн швабра же чаң соргуч менен тазалаңыз;
Сенсор жапкычын ачпаңыз же ичине тийбеңиз.
• Бөлмөнүн көлөмү өтө чоң же сырттагы аба сапаты начар.
Оптималдуу тазалоо жүргүзүү үчүн, шайманды иштетип жатканда
эшиктерди жана терезелерди жабыңыз.
• Үй ичинде булгоо булактары бар. Мисалы, тамекинин түтүнү, тамак
бышыруу, жыпар жыттуу зат, атыр жана спирт.
• Чыпканын жарактуу мөөнөтү бүттү. Чыпканы жаңыга алмаштырыңыз.
• Шайманды биринчи жолу колдонуп жатканда ал пластмассанын
жытын чыгарышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш
• Эгерде шаймандан күйүк жыты чыгып жатса, дароо розеткадан
сууруп, ылдый каратып, шайманга бөтөн нерселер түшүп
кетпегенин текшериңиз. Эгерде эч нерсе жок болсо, өзүңүздүн
Philips ортомчуңузга же Philips уруксат берген тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
• Чыпка бир аз колдонгондон кийин жыт чыгарышы мүмкүн, анткени
ал үй ичиндеги газдарды сиңирип алат. Кайра колдонуу үчүн
чыпканы күндүн түз нуруна коюп кайра иштетүү сунушталат. Эгерде
дагы эле жыттанып жатса, чыпканы алмаштырыңыз.
• Эгерде сиз жогорку ылдамдыкты тандасаңыз, ызы-чуу деңгээли
жогорураак болот.
• Эгерде аба чыгуучу тешикке бир нерсе кирип кеткен болсо, ал дагы
кызыктай катуу үндүн чыгышына алып келиши мүмкүн. Шайманды
дароо өчүрүп, бөтөн нерселерди алып салуу үчүн ылдый каратыңыз.
• Эгерде кызыктай үн чыгып жаткан болсо, өлкөңүздөгү Кардарларды
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Чыпканын жарактуу мөөнөтүн эсептегичти кайра койбой койгон
болушуңуз мүмкүн. Шайманды күйгүзүңүз. Андан кийин
басып, 3 секунд кармап туруңуз.
• Аба кирүүчү же чыгуучу жер бүтөлүп калбаганын текшериңиз.
• Чыпканын үстү өтө кир болуп, абанын чыгышына тоскоол болуп
жатпаганын текшериңиз. Эгерде ушундай болсо, коргоо максатында
ысытуу функциясы иштебей калышы мүмкүн.
баскычын
KY
151

Advertenties

loading